Кыргызстандык модель Салидат Хамилова “Мазданын” жарнамасына тартылды. Модель кыз сүрөттөрдү Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган. Ошол эле сүрөттөр “Mazda” компаниясынын Instagram түйүнүндөгү расмий баракчасына да жайгаштырылган.
Белгилүү болгондой, ал жаңы чыккан Mazda CX-30 2.5 автоунаасынын жарнамасына тартылган.
https://www.instagram.com/p/CFSVgZ8nPzl/?igshid=14q1bwvvdonrm&fbclid=IwAR1tDsrCbwVRsqj-VkWvNZ9S7GiEzBGOBn0r4_MONogbKzs_xE4Y5q-IH7s
Салидат Америкада жашайт, бирок Кыргызстанда туулуп-өскөн. Моделдик карьерасын Бишкекте студент кезинде баштаган.
Өткөн жылы Салидат Нью-Йорктогу мода жумалыгына катышып, анда дизайнерлер Ким Шуй жана Эшли Рейнордун коллекцияларындагы кийимдерди кийип чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ