Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү  жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргызстан Республикасынын Жогорку Совети 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алган, ага ылайык, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык мамлекет деп жарыяланган.

Бул документтин тарыхый мааниси өлкөнүн көз карандысыздыгын калыптандыруу жана конституциялык өнүктүрүү процесстеринин мыйзамдуулугун аныктагандыгында турат. Көз карандысыз кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууга жол ачкан Декларация кыргыз элинин эркин, кылымдар бою эңсеп келген ой-тилегин, үмүтүн билдирет. Кыргызстан эл аралык коомчулуктун мүчөсү болуп, алардын иш-аракеттерине катышууга, ошондой эле саясий, экономикалык жана башка маселелерди өз алдынча чечүүгө толук укук алып, өз алдынча мамлекет катары дүйнөдөгү өлкөлөрдүн арасында татыктуу орунду ээледи. Дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды эгемендүү өлкө катары тааныды.

Үч миң жылдан ашкан тарыхы бар элибиз кыргыз мамлекетин түзүүнү жана сактоону көздөп, ушул максатты дайыма туу тутуп келген. Мамлекеттүүлүк, эркиндик, көз карандысыздык, элди, Ата Журтту сүйүү идеялары улутубуздун сыймыгы, кыргыз руханий мурасынын туу чокусу болгон «Манас» эпосунун негизги өзөгүн түзөт.

Кыргыз мамлекеттүүлүгү өзүнүн өнүгүүсүндө көптөгөн татаал доорлорду өткөрүп, бирде мүңкүрөсө, бирде дөөлөттүү болуп турду. Ата-бабаларыбыздын Евразия континентинин борборунда Улуу кыргыз каганатын түзүп, эркиндик үчүн тышкы күчтөргө каршы тайманбай күрөшкөнү дүйнөлүк тарыхта татыктуу орунду ээледи.

ХХ кылымда элибиз оор сыноолорду башынан кечирди.

1916-жылдагы каргашалуу окуяларда жана 1930-жылдардагы саясий репрессияларда көптөгөн адамдык жоготуулар болду. Ошол эле учурда келечекти көрө билген улуттун мекенчил өкүлдөрүнүн максаттан тайбаган жана талыкпаган аракеттери менен СССРдин курамында биздин советтик улуттук мамлекеттүүлүгүбүз түптөлдү. 1924-жылы РСФСРдин курамында Кара Кыргыз автономиялык областынын, 1926-жылы Кыргыз АССРинин, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү бүгүнкү көз карандысыз Кыргыз Республикасын түзүүгө негиз болду.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын алдында өлкөнүн басып өткөн жолуна баам салып, анын келечектеги багытын аныктоо зарыл. Мамлекеттүүлүктү, элдин биримдигин, ынтымагын коргоо жана чыңдоо, демократиялык баалуулуктарга аяр мамиле кылуу, ар бир жарандын бакубат жашоосуна кам көрүү, өлкөнү мындан ары да социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү — биздин ыйык парзыбыз.

2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилөөгө өз убагында даярдык көрүүнү камсыз кылуу максатында токтом кылынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөө менен байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;

— Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөнү даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын 2020-жылдын 1-декабрына чейин бекитүү;

— аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды республикалык бюджеттен бөлүүнү кароо.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: