Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында онлайн режиминде чыгып сүйлөйт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы өз ишин баштайт. Башкы Ассамблеянын биринчи иш-чарасы БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги жыйыны болот.

Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.

Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттары да өтүп, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы 30-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынынын алкагында уюштурулган Биоартүрдүүлүк боюнча саммитинде видео кайрылуу жасайт.

Маалымат үчүн: Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл  Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: