Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 22-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет.
Таласта түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +19…+24,
Баткенде түнкүсүн: +8… +13, күндүз: +23…+28,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +23…+28,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +2…+7, күндүз: +15… +20,
Нарында түнкүсүн: 0…+5, күндүз: +14…+19,
Бишкекте түнкүсүн +7…+9, күндүз: +22…+24.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ