Menu

Өзгөндө бир адамды сабап кетишти. Бул окуяга Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримовдун тиешеси болушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда белгисиз адам жигитти сабап салган видеотасма тараган. Буга чейин кол салуучуну жеке короодо бир нече ондогон адамдар курчап алышкан. Видеотасма Искен Афиджановдун Facebook баракчасына жарыяланган.

Бул окуя ушул жылдын жылдын 20-сентябрында, саат 07:44 тартылганы көрсөтүлөт. Тасмада көрүнүп тургандай белгисиз адам башка эркектердин курчоосунда туруп, бата алат, андан кийин үйдүн (чайхананын же мечиттин) жеке короосунда баратканда анын алдынан бир жигит туруп калат, аны эки киши кармап алып, аны башынан ура баштайт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, социалдык тармактын дагы бир баракчасында видео Өзгөндө тартылып, жарандарды Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты, азыр “Биримдик” партиясынан талапкер Нодирбек Каримов чогултуп жатканы көрсөтүлгөнү айтылууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөндөгү видеотасма фактысын тастыкташканын, бирок видеого кимдер жазылып калгандыгын али билишкен жок деп билдиришти. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

https://www.facebook.com/100001573929770/videos/3592726584123104/?extid=3e5H4xbQQ2eNHvHU

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: