Menu

Индияда салтанаттуу иш-чарада асманга учурулуучу шар жарылып, 30 адам жаракат алды

Бөлүшүү:

Ченнай шаарында Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин 70 жылдык мааракесине арналган салтанатта бир топ суутек шарлары жарылды. Натыйжада, болжол менен 30 адам жаракат алган. Бул тууралуу  “Times of India” басылмасы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, окуя күндүзгү убакытта болгон. Модинин тарапташтары салтанаттуу түрдө асманга жүз шарын учурууну каалашкан, бирок кимдир бирөө от жагуучу затты жардырып жиберген.

Жарылуудан кийин үч адам ооруканага жаткырылды. Калган жабырлануучулардын жаракаттары анчалык деле оор болгон жок. Иш-чара пландаштырылбагандыктан, уюштуруучулар тергөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: