Menu

Анжелика: “Дарылануу үчүн алыска кетип жатам, бирок шайлоого келип калам”

Бөлүшүү:

Ырчы Анжелика дарылануу үчүн башка өлкөгө кетип жатканын, парламенттик шайлоого чейин келип каларын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Эртендерден даарыланууга алыска кетип жатам. Бирок, 4-октябрь шайлоого келип калам. Милдеттүү түрдө өз добушумду – өзүмдүн тандаган партияма берем.

Мени азыр ден-соолугум эмес, өлкөбүздүн тагдыры көбүрөөк ойлондуруп жатат. Канчалаган карызга мамлекетибиз дагы батат? Балдарыбыз кантип төлөйт? Биз картайганда кандай колдоо өлкөбүздөн күтөбүз? Эмне деген жашоо күтүп жатат? Англия, Улуу Британия, Япония – ажосу жок жашагандай эле бир эле премьер-министр же өкмөт башчысы менен жашасак болот беле? Негизи эле 10-15 депутатты тандап жашасак го? Министрликтердин ар бир тармагы так иштеп, элдин көйгөйүн чечсе жетишмек! Депутаттар эл адамы деп аталып, жаңы закондорду чыгарышат. Анан – беш жылда бир элге кайрылып, өкүлдөрү аркылуу кээ бирлерди кыйнап, зордоп, пара сунуштап, бири-бирин жамандап, көчөлөргө беттерин илип аран элге өзүлөрүн таанытышат” – деп жазган ырчы айым.

Буга чейин ырчы айым Түркиядагы мыкты эндокринолог дарыгер издеп жатканы белгилүү болгон.

https://www.instagram.com/p/CFaJjp1oFge/

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: