Menu

“Замандаш” ассоциациясы: “Замандаш” партиясы мандат үчүн күрөштө тарыхый фактыларды бурмалоо, башка адамдардын жана уюмдардын эмгегин өзүнө ыйгаруу менен алектенүүдө

Бөлүшүү:

“Замандаш” саясий партиясы мандат үчүн күрөштө фактыларды бурмалап жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 22-сентябрда Замандаш ассоциациясы жасады.

Алардын айтымында, “Замандаш” саясий партиясы мандат үчүн күрөштө тарыхый фактыларды бурмалоо, башка адамдардын жана уюмдардын эмгегин өзүнө ыйгаруу менен алектенүүдө.

“Замандаш” ассоциациясы айыптоосун далилдөө үчүн бир катар фактыларды келтирди.

“Замандаш” ассоциациясы 2003-жылы, ал эми ушул эле аталыштагы партия 2007-жылы түзүлгөн деп белгиленет.

“Ассоциация менен партиянын аталышынын окшоштугу, “Замандаш” партиясынын учурдагы лидерине ассациациянын эмгегин партиянын иши катары көрсөтүп, элди адаштырууга мүмкүнчүлүк берди” – деп айтылат билдирүдө.

“Партия эч качан мигранттар менен иштешкен эмес, Замандаш ассоциациясы аиштешкен. “Учурда” Замандаш “дүйнөнүн 54 өлкөсүндөгү 100дөн ашуун кыргызстандыктардын диаспоралары менен иштешүүнү сунуштайт”, – деп билдиришти “Замандаш” партиясынын пиарчылары. Бирок жалган жалаага кабылып калуудан коркуу, аларды “Замандаштын” алдына “партия” деген сөздү коюудан токтотот. Ошол эле учурда, партиянын учурдагы лидери (2016-жылдын аягынан бери) Ассоциация тарабынан жасалган бардык иштерди ыйгаруу учурун өткөрүп жибербейт” – дейт ассоциация.

Ошондой эле ассоциация экономикалык жана социалдык чөйрөдө, атап айтканда, миграция мыйзамдары жаатында 200 демилге партияга эмес, анын өзүнө таандык экендигин белгилейт. Мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү, бул демилгелерди илгерилетүү боюнча бардык иштер ассоциацияга таандык экени айтылат.

“Ассоциация менен партия эки башка уюм” деп эскертет кайрылуунун авторлору.  “Ассоциация өз ишин саясий максаттарда колдонууга каршы.

“Замандаш” ассоциациясынын эсебинен “Замандаш” партиясынын арзан пиары партиянын (лидердин) банкроттугун, принципиалдуулуктун жоктугун жана абийирсиздигин көрсөтөт” – деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: