Menu

Нарын облусунда эркек киши кош бойлуу аялын сабап салды. Сот ага карата өкүм чыгарды

Бөлүшүү:

Нарын районунун Дөбөлү айылында эркек киши кош бойлуу аялын сабап салды. Ал соттолуп, 50 саат коомдук жумушка тартылган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын айтымында, жубайлардын ортосундагы жаңжал 22-июлда саат 11:00 чамасында болгон. Кайым айтышуу учурунда 1984-жылы туулган Ж.у.Д аялын 2-3 жолу тепкилеп, андан кийин ал кетүүгө камданып жаткан. Аялы аны токтотууга аракет кылган, бирок айыпталуучу аны дагы урган.

Сот отурумунда айыпталуучу аялын урганын мойнуна алып, бирок сокку анчалык күчтүү болбогонун белгиледи.

Жабырлануучу биринчи никесинен эки баласы – бир уул жана бир кызы болгонун айтты. Ал жолдошу менен бир ай гана жолугушуп, үйлөнүшкөн. Анын айтымында, буга чейин эле аны жолдошу боюнда бар экендигине карабай токмоктоп жүргөн.

Иштин материалдарын карап чыгып, Нарын райондук соту Ж.у.Д.ны 50 сааттык коомдук жумушка тартуу чечимин чыгарды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: