Япония коронавирусту өлтүрүүчү коопсуз ультрафиолет лампаларын чыгарууну баштады. Care 222 ультрафиолет лампаларын япониялык Ushio Inc. компаниясы өндүрө баштады, бул адамдын ден-соолугу үчүн коопсуз. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Компания жарык берүүчү жабдууларды чыгарууга адистешкен. Бул чыракты жайларды дезинфекциялоо ( адамдардын көзүнчө) үчүн колдонсо болот деп болжолдонууда. Кадимки ультрафиолет лампаларынан айырмаланып Ushio компаниясы чыгарган жаңы 222 нанометрдик толкундарды бөлүп чыгарган лампа адамдар үчүн коопсуз, бирок коронавирусту өлүмгө алып келет.
Аны лифттерде, поезддерде, автобустарда, кеңселерде, дүкөндөрдө жана башка жерлерде колдонсо болот.
Чырак 3 метр квадрат аянттагы вирустардын 99 пайызын алты мүнөттө 2,5 метр аралыктан зыянсыздандырууга жөндөмдүү. Биринин баасы болжол менен 2 миң 860 долларды түзөт.
Учурда компания өндүрүштүк чектөөлөргө байланыштуу лампаларды медициналык мекемелерге гана сатууну болжолдоп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ