Нарын облусунда “Республика” партиясынын агитаторун сабап салышты. Бул тууралуу партиянын талапкери Тынчтык Алтымышев Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, жабырлануучу “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлү тарабынан сабалып, ооруканага жаткырылды.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча катталды.
Милициядан билдиргендей, 25 жаштагы Алтынбек Апеков аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Нарын районунун Алыш айылында саат 06:00 чамасында Максат аттуу жигит эки досу менен бирдикте аны сабап салгандыгын көрсөткөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу жана анын досу Максат тойго конок болуп келишкен жана саат 05:00 чамасында көчөгө чыгышкан, мас абалында уруш чыгып, мушташка чейин жеткен.
Учурда мушташтын бардык катышуучуларынын өздүктөрү аныкталды, алардын бири милиция бөлүмүнө жеткирилди.
“Алтынбек менен Максат буга чейин “Республика” партиясында агитатор болуп иштеп келишкен, андан кийин Максат “Мекеним Кыргызстанга “кеткен. Уруш мас абалында болгон жана бул маселеде эч кандай саясат жок”, – деп баса белгиледи Кыргызстандын Ички иштер министрлиги.
Ал эми “Мекеним Кыргызстан” партиясынын штабы бул адам алардын партиясы үчүн агитатор эмес экендигин билдирди.
https://www.facebook.com/tynjtyk/posts/3361169807293218
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ