Menu

Нарын облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза таап, 5 адам жаракат алды

Бөлүшүү:

Нарын облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-сентябрда саат 17: 00дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында Эмгекчил айылында “Тойота Авенсис” жана “Хонда Степвагон” унаалары кагылышкан.

Натыйжада 3 адам каза болду (1962 жана 1982-жылы туулган 2 аял жана 1976-жылы туулган эркек киши), 5 адам жаракат алышты (2 эркек, 1 аял жана 2 бала, 2017 жана 2019-жылы туулган).

Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, каза болгон адамдардын сөөктөрүн унаалардан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Каза болгондордун сөөгү Нарын облустук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: