Токмок шаарында 1984-жылы туулган Жангирова Айгүл Смагуловнаны издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 2020-жылдын 3-июнунда Айгүл Токмок шаарындагы Жантаев көчөсү дарегинде жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 см, чачы ийнине чейин, көздөрү күрөң.
Кийген кийими: сары түстөгү көйнөк, жука шым, бутунда жайкы бут кийим.
Жангирова Айгүлдүн жүргөн жери жөнүндө маалыматка ээ болгондор төмөндөгү телефон аркылуу билдирсе болот: Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмү 0 (312) 60-73-63, 0 (709) 07-21-56, 0 (551) 10-27-53.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ