Menu

Видео – Ташкентте өспүрүмгө кол көтөргөн милиция кызматкерине карата териштирүү иштери башталды

Бөлүшүү:

Ташкент шаарынын Чилназар райондук ички иштер бөлүмү 13 жашар баланы сабап, автоунаасына камап койгон милиция кызматкери Диёр Болтаевге карата кызматтык териштирүү баштады.

Ташкенттик эки блогер 19-сентябрь күнү кечинде милиция кызматкери өспүрүмдү автоунаасына сүйрөп барып камап койгонуна күбө болуп, бул учурду видеого тартып алышкан.

Милиция кызматкери блогерлерге кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, түнчүндө жалгыз жүргөн балага чара көргөнүн билдирген.

21-сентябрда Youtube видеопорталына жүктөлгөн видео бир күндө 30 миң жолу көрүлгөн. Тасмада 13 жаштагы Владислав таштанды төгүп, үйүнө келе жатканда укук коргоо кызматкери сабап, милиция бөлүмүнө алып барганын айтып берген.

«Ал менин бутумду тээп, андан соң бетке чаап жиберди. Андан кийин мени машинеге отургузуп алып кетти», – деген Владислав.

Өзбекстандык юрист Дильфуза Юсупова видеону көрүп чыккан соң милиция кызматкери бир нече мыйзамды бузганын билдирди:

– Биринчиден, милиция кызматкери эч кандай негиз жок эле баланы жеке унаасына отургузган. Бул өтө туура эмес иш. Экинчиден, жашы жете элек өсүрүмдү урган. Үчүнчүдөн, Ташкентте жүргөн милиция кызматкери Бухарада катталган жеке автоунаасын «автозак» катары пайдаланган. Дагы бир учур – баланы коргоого келген блогерлерди коркутуу. Толтура мыйзам бузулган. Демек, бул окуяны ички иштер бөлүмү эмес, прокуратура иликтеши керек.

22-сентябрда Өзбекстандын балдар омбудсмени Алия Юнусов бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө аларын кабарлады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: