Menu

Жалал-Абад ОИИБ: Тогуз-Тородо мыйзамсыз курал-жарактар алынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-сентябрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан ошол эле райондун “М” аттуу тургуну мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана пайдаланып жүрөт деген маалымат алынган.

Алынган маалыматтын негизинде  топтолгон материал 2020-жылдын                22-сентябрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшү ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, тиешелүү тергөө тапшырмалары берилип, шек жараткан адам Тогуз-Торо районунун  30 жаштагы тургуну, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебеген К.М. экендиги такталып жана ал ок атуучу куралдарды өзүнүн үйүнүн короосунда жайгашкан мал сарайында сактап жаткандыгы аныкталган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча толук жана ар тараптуу текшерип, туура юридикалык баа берүү максатында, аталган дарекке тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада К.М.дин мал сарайынан мыйзамсыз түрдө сакталган 4 (төрт) даана ок атуучу куралдар (1 сайлуу, 3 сайсыз) жана 5 (беш) даана 5.6мм калибердеги ок-дарылар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: