Menu

Алексей Навальный Германиядагы «Шарите» ооруканасынан чыкты

Бөлүшүү:

Орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный Германиядагы «Шарите» ооруканасынан чыкты. Бул тууралуу аталган медициналык жайдын сайты кабарлады.

Билдирүүдө Навальныйды ден соолугу жакшы болуп калгандыктан ооруканадан чыгаруу чечими кабыл алынганы белгиленген. Саясатчы жалпысынан бул жерде 32 күн дарыланса, анын 24 күнүндө реанимацияда жаткан.

Немис дарыгерлери Алексей Навальный толугу менен калыбына келиши мүмкүн деп эсептешет.

Күн мурун Le Monde француз гезити өз булактарына таянып, 14-сентябрда өлкө лидери Эммануэль Макрон телефон аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, тараптар Навальныйдын ууланышы боюнча орток пикир таба албаганын жазды. Басылманын маалыматына караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Франциянын президенти Орусия Навальныйдын ууланышы боюнча иликтөө жүргүзүшү керек экенин белгилесе, Путин «Навальный өзү ууланып алышы мүмкүн» деп билдирген.

Орусиялык оппозиционер Навальный 20-август күнү Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Алгач Омскидеги ооруканага жеткирилип, кийин жакындарынын талабы менен Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган. Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный нервди шал кылуучу «Новичок» заты менен ууландырылганын билдиришкен. Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин айтып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: