Menu

“Аэрофлот” Москва – Бишкек каттамдарын жандандырды

Бөлүшүү:

Россиялык “Аэрофлот” авиакомпаниясы Россия менен Кыргызстандын борбор шаарларынын ортосунда үзгүлтүксүз каттамдарды жандандырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Москва-Бишкек каттамы ар бейшембиде, ал эми ар жума сайын Бишкек – Москва каттамы жүргүзүлөт.

Кыргызстандын аэропортторуна келген эл аралык рейстердин жүргүнчүлөрүнүн жанында коронавирус жок экендиги жөнүндө маалымкат болушу керек. Мындан тышкары, келген бардык жүргүнчүлөрдүн дене табы өлчөнөт.

Буга чейин белгилүү болгондой, 21-сентябрдан тарта Россия Беларуссия, Казакстан жана Кыргызстан менен авиакаттамдарды калыбына келтирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: