Menu

Казакстандагы манасчы “Манас” эпосун 67 күндө казак тилине которду

Бөлүшүү:

Казакстандагы манасчы Баянгали Алимжанов “Манас” эпосун 67 күндө казак тилине которду. Бул тууралуу казакстандык ММКлар жазып чыкты.

Анын айтымында, Нур-Султандагы “Манастан Абайга чейин” темасындагы иш-чара Эл аралык Түрк академиясы жана Казакстан Республикасынын Элдеринин Ассамблеясы тарабынан уюштурулган.

40 жылдай убакыттан бери “Манас” эпосу жөнүндө айтып келе жатам. Мен аны казак эпосу катары сүйүп калдым, бирок “Манасты” котором деп ойлогон эмесмин. Өткөн жылдын ноябрь айында эки өлкөнүн интеллигенциясынын жолугушуусу Кыргызстанда өткөн. 1-декабрь күнү эртең менен “Манас” эпосунун биринчи саптары космостон төгүлдү. Эпостун башталышы ар кандай манасчылар үчүн ар башкача угулат. Оюма келген биринчи саптарды жазып, “Манасты” казакчага которуу жөнүндө ойлондум” – дейт манасчы.

“67 күндүн ичинде “Манасты” толугу менен котордум. Китептин өзгөчөлүгү – бул жерде эпостун эң күчтүү, көркөм, поэтикалык үзүндүлөрү Манастын рухун чагылдырган проза аркылуу берилген. Эпосту кыскача, келечек муунга түшүнүктүү тилде бергим келди. Ар бир манасчы “Манас” эпосун өзүнө жараша окуйт. Эпостун сюжети бир, бирок ал ар кандай жолдор менен берилет “, — деп белгиледи Баянгали Алимжанов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: