Menu

Эки казак жараны мыйзамсыз Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусундагы чек арачылары чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эки адамды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Васильевка айылынын четинде кызмат өтөө учурунда чек арачы Чу дарыясын бойлоп, Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эки жаранды тапты.

Тартип бузгандар кармалган, алар Казакстандын 1964 жана 1994-жылы туулган жарандары болуп чыгышкан.

Тиешелүү документтер каттоодон өткөндөн кийин чек араны бузгандар УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине кошумча иликтөө иштери үчүн өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: