Бишкекте алдамчылыкка шектүү аялдар кармалды. Бул тууралуу Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарандар М.Ж. жана Н.А. тиричилик техникаларын 515 миң сомго кредитке сатып алган. Аялдар товарлардын акысын төлөбөй, башкаларга кайра сатышып, андан кийин сатуучудан из жашырып кетишкен.
30-августта жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен катталган.
Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү кармады. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 1977-жылы туулган М.Ж. менен 1962-жылы туулган Н.А. аттуу жарандар киргизилди. Соттун чечими менен М.Ж. бир айга СИЗО-1ге камалып, Н.А. эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ