Menu

Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасы кол салууга кабылды

Бөлүшүү:

Рахматилло Зойиров

Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасы Рахматилло Зойиров 22-сентябрга караган түнү белгисиз эки кишинин кол салуусуна кабылганын билдирди.

«Кол салуу үйүмө жакын жерде болду. Бирөө артыман келип эки жолу урду: алгач катуу бир нерсе менен башыма, андан кийин оң көзүмө. Экинчиси келип катуу түртүп жиберди. Мен жыгылганда сол далым менен жол жээгиндеги цементке тийип, суу лотогуна кирип кеттим. 4-5 мүнөткө эсимди жоготуп жаттым. Эсиме келсем жанымда эч ким жок экен, үйгө араң жеттим», — деп жазды Зойиров 24-сентябрда «Фейсбуктагы» баракчасына.

Рахматилло Зойиров 2017-жылы октябрда да белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылган. Анда ал «кол салуу атайын уюштурулганын» айтып, оң колунан, далысынан жана белинен жаракат алганын билдирген.

Социал-демократиялык партия быйыл 11-октябрда өтө турган президенттик шайлоого бойкот жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: