Menu

Ош облусунун Өзгөн районунда өрт кырсыгы катталып, 20 кой тирүүлөй өрттөнүп кетти

Бөлүшүү:

Ош облусунун Өзгөн районунда өрт кырсыгы катталып, 20 кой тирүүлөй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алиев көчөсүндөгү Коммунист айыл өкмөтүнүн Мырза-Аке айылында аянты 120 м2 аянттагы сарай, 2 тонна чөп жана 20 кой күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда. Саат 05: 05те өрт толугу менен өчүрүлгөн.

«Өрт тууралуу маалымат биздин нөөмөт бөлүмүнө 24-сентябрга караган түнү саат 01:49 чамасында келип түшкөн. Саат 02: 14тө окуя болгон жерге бир өрт өчүрүү тобу барган. Саат 02: 43тө өрт локалдаштырылып, саат 05: 05те толугу менен өчүрүлгөн. Мал сарайдан өрт чыкты. Коңшулардын жардамы менен өрттөн 24 койдун ичинен 4 кой, ошондой эле 4 уй куткарылды. 20 кой өрттөлгөн. Азыр өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда», – деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөн аймактык башкармалыгынын өрттүн алдын алуу жана өчүрүү бөлүмүнүн башчысы Нургазы Токобаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: