Сузак РИИБи тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында бир топ профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Анда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү, мектеп мугалимдери менен тыгыз кызматташып, окуучулардын терс жолго түшүүсүн болтурбоо үчүн район аймагындагы ар бир айыл аймактарда чакан жыйындар өткөрүлүүдө. Өспүрүмдөр аралашкан кылмыш жана кырсыктарга бөгөт коюу чаралары жана аны ишке ашыруу жолдору талкууланып жатат.
Мындан сырткары жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерге балдарын көзөмөлгө алуу керектигин эскертишүүдө. Аралыктан окуусун текшерүү жана түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыгарбоо зарылдыгын жеткиришүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ