Menu

БУУнун башкы катчысы COVID-19 пандемиясы көзөмөлдөн чыкканын билдирди

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк даярдыктын жана кызматташтыктын жоктугунан коронавирус көзөмөлдөн чыкты. Бул тууралуу кечээ, 24-сентябрда БУУнун башкы катчыс Антонио Гутерриш Башкы Ассамблеянын 75 жылдык мааракелик сессиясынын алкагында Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги отурумунда билдиргенин чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Анын айтымы боюнча, адамзат пандемиялык сыноодон өтпөй калды.

“Пандемия – эл аралык кызматташтык үчүн сыноо болуп саналат, бул сыноодон өтпөй калдык. Дүйнөдө ал 1 миллионго жакын адамдын өмүрүн алып, 30 миллиондон ашуун адам вируска чалдыккан. Вирус көзөмөлдөн чыгып кетти. Бул глобалдык даярдыктын, өз ара аракеттенүүнүн, биримдиктин жана тилектештиктин жоктугунан келип чыккан” – деп билдирди Антонио Гутерриш.

“Коронавирус бүткүл дүйнөбүзгө кара көлөкө болуп түштү. Бирок бул ошондой эле иш-аракет кылышыбыз керек дген эскертүү болуп калды. Бизде башка айла жок.. Же биз максатына ылайык келген глобалдык институттарга биригебиз, болбосо бизди чыр-чатак жана башаламандык басып калат” – дейт ООНдун башчысы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: