Ноокен районунда өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адам куткарылып калды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 24-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айыл аймагынын Сакалды айылында жайгашкан пахта заводунун аймагында 1976-жылы туулган эркек киши электр мамычасына чыгып өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жаран өз алдынча аман-эсен түшүрүлгөн. Окуя болгон жерге КР ӨКМден 5 куткаруучу тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ