Menu

Ош шаарындагы «Имам ат-Тирмизи» мечитинде заманбап даараткананы куруу иштери башталды

Бөлүшүү:

Ош шаарынын казыят кызматкерлери Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби менен биргеликте «Амир-Темир» муниципалдык аймактык башкармалыгындагы «Имам ат-Тиримзи» мечитин зыярат кылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябарда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда мечиттин азыркы абалы менен жакындан таанышып, аткарылбаган иштерди толуктоо тапшырмасы берилди.

1. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине мечиттин обьектисин пайдаланган учур катталган жок;

2. Видеокөзөмөл бар; (дагы да күчөтүү тапшырмасы берилди)

3. Жаназа үчүн керектелүүчү буюмдар бар;

4. Даараткана кичине болгондуктан, заманбап тартипте жаңы даараткана курулууда;

5. Мечиттин тазалыгы талапка жооп берет;

6. Санитардык эрежелерди сакталган;

7. Мечиттин оңдоп-түзөө иштери жогорку деңгээлде;

8. Никеге каттоо журналына учурда 9 нике жазылган;

9. Имамдын бөлмөсү бар. (компьютер, принтер орнотуу тапшырмасы берилди)​​​​.

“Жумага келген элдер үчүн колдон келген шарттары түзүп жатабыз. Өзгөчө санитардык эрежелер боюнча бир канча эскертүүлөрдү айтып, аралыкты сактоо менен намаз өз убагында окулууда. Жумага келген жамаат үчүн заманбап даараткана куруу ишин жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен баштап да алдык”,- деди мечит имамы Исмаилов Хурматулло.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: