27-сентябрга белгиленген Дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган веложүрүш токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, өлкөдө эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу иш-чараны токтотуу чечими кабыл алынды.
Мэрия шаардыктардан өзүн-өзү дарылабоону суранат.
“Суук тийгенин (ысытма, мурундун бүтүшү, жөтөл, тамак оорусу) белгилери пайда болгон учурда, шаардагы ҮМБнын дарыгерлери менен кеңешип, оорунун баштапкы этабында алдын алсаңыз болот. Биздин нөөмөттөгү дарыгерлерибиз ар дайым сизге керектүү жардамдарды берүүгө даяр. Өз алдынча дарыланбаңыз!” – деп айтылат маалыматта.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ