Menu

Республика аймагында “Издөө” аталышындагы мамлекеттер аралык ыкчам алдын алуу операциясы жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

Кызматташтыкты бекемдөө максатында жана КМШнын ички иштер министрликтеринин 2019-жылдан 2023-жылга чейин кылмыштуулук менен  күрөшүүдөгү бирдиктүү чаралардын мамлекеттер аралык планына ылайык, 2020-жылдын 16-17-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын аймагында “Издөө” аталышындагы мамлекеттер аралык ыкчам алдын алуу операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган операциянын негизги тапшырмаларына тергөөдөн, соттон жашырынып жүргөн, анын ичинен КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрликтеринин (полиция) демилгеси боюнча жашырынып жүргөндөрдү издөө жана кармоо, дайынсыз жоголгондорду аныктоо, өздүгү такталбай калган өлүктөрдү идентификациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү кирет.

Операцияга ички иштер органдарынын 3000ден ашык кызматкерлери тартылган.

Издөө топтору тарабынан издөөгө алынган кылмышкерлердин болжолдуу жүргөн жерлери текшерилип, дайынсыз жоголгондордун кайда жүргөндүгүн, өздүгү такталбаган өлүктөрдүн ким экендигин тактоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Операция жүргүзүү маалында ички иштер органдары тарабынан издөөдө жүргөн 92 адам, анын ичинен оор кылмыштар үчүн кармалган. Алардын ичинен ден соолукка атайылап зыян келтирүү-7, каракчылык-3, зордуктоо-3, тоноо-4, башка кылмыштар үчүн-75 адам кармалган.

Ошондой эле,  мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 62 кылмышкер кармалган. Дайынсыз жоголгон 40 адамдын кайда жүргөндүгү, белгисиз  6 өлүктүн өздүгү такталган.

Республика боюнча мамлекеттер аралык ыкчам-алдын алуу операциясынын натыйжасында 189 кылмыш ишинин бети ачылды. Алардын ичинен  киши өлтүрүү-1, ден соолукка атайылап зыян келтирүү-1, каракчылык-1, зордуктоо-1, тоноо-14 жана башка кылмыштар-171.

Андан сырткары, “Издөө” операциясынын жүрүшүндө ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактооган 2 факты (2 бирдик ок атуучу курал менен октор, колго жасалган кастет)  аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: