Menu

Фото – 18 жылга соттолгон экс-премьер-министр Сапар Исаков жазасын кандай түрмөдө өтөп жатат?

Бөлүшүү:
Экс-премьер-министр Сапар Исаков СИЗО-1 мекемесинен Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. Ал учурда карантиндик аймакта, ал жерде 10 күн кармалат.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун 2019-жылдагы отчетуна ылайык, Молдовановка айылындагы №27 колония 1974-жылы курулуп, 2008-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Мекеме 750 кишиге чейин кабыл алат. Анда 20 адамга ылайыкталган карантиндик бөлмө бар.

Комната карантинного отделения

Карантиндик аймактагы бөлмө

Комната карантинного отделения

Карантиндик аймактагы жуунучу жай

Комната карантинного отделения

Карантиндик аймактагы даараткана

Имараттын аймагында эки кабаттуу эки имарат курулуп, алардын ар бири 260 кишиге ылайыкталган. Билдирүүгө ылайык, даараткана имараттын сыртында жайгашкан.

Двухместное жилое помещение     

Ошондой эле, мекемеде 20 кишиге ылайыкталган улуу жаштагы соттолгондор үчүн бөлмө бар. Эки кишилик жана төрт кишилик бөлмөлөр жайгашкан. Улгайган кишилер үчүн 20 адамга ылайыкталган атайын бөлмө бар.

Комнаты для пожилых заключенных     

Белгилей кетсек, буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясынын чечими менен “Электр станциялары” ААКнын мурунку башкы директору Салайдин Авазов №27 колонияга которулган. Исаков экөө борбордогу ЖЭБди модернизациялоо ишине катышкан. Авазов КР Кылмыш-жаза кодексинин 42-беренеси, 319-беренесинин 2-бөлүгү (2017-жылдын редакциясында) менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл үч айга эркинен ажыратылды.

Ал эми Сапар Исаков Тарых музейиндеги коррупция жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттолгон. Ал үч берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: