“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Токтогул районунда өтүп жаткан шайлоочулар менен жолугушуусуна куудул Абдылда Иманкулов келип катышып, сөз сүйлөдү.
“Интернеттен көрдүм, сиз “Турсунбай Бакир уулун партияга өзүм чакырдым эле” дедиңиз. Сиз эмнеге Турсунбай Бакир уулун чакырасыз? Анын же акчасы болбосо, же электораты болбосо. Турсунбай Бакир уулун чакыргандан көрө мени чакырбайт белеңиз. Рахман менен Турсунбай Бакир уулу Кара-Суудан энтелеп алган добушуна караганда мен Токтогулдан эки эсе көп добуш алып бермекмин. Мен мобу жерде тургандардан жалынып добуш сурабай эле коркутуп добуш алмакмын. Жасап берген тамагын жебей коркутуп жатып добуш алмакмын”, – деп Адахан Мадумаровго кайрылып, элди күлдүрдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ