Menu

Төмөнкү Ала-Арчадагы 26 жаштагы кызды бычактап өлтүргөн кылмышкерлерди милиция издеп жатат

Бөлүшүү:

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Төмөнкү Ала-Арчадагы үй-бүлөгө кол салуунун айрым жагдайларын айтып берди. Милициянын маалыматы боюнча, кол салуудан кийин шектүүлөрдү кармоо үчүн бардык керектүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

“Маалыматка ылайык, 26-сентябрда саат 03:11 чамасында Аламүдүн РИИБге Төмөнкү Ала-Арча айылынын үйлөрүнүн бириндеги тоноо фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Бул факты боюнча тез арада тергөө-ыкчам тобу иш алып барган.

26-сентябрь күнү саат 02:50 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, беткап кийген эки белгисиз адам 62 жаштагы Т.Ж жана анын 26 жаштагы кызы Т. А.ны бычак менен жарадар кылган. Андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Алган жараатынан улам кыз каза болуп, эркек киши Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген”, – деп билдиришти милиция кызматкерлери.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Учурда бул кылмыштын бетин ачуу үчүн топ түзүлүп, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: