Menu

Бүгүн Бишкекте “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловдун Россияга кошулуу боюнча билдирүүлөрүнө каршы жөө жүрүш башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкекте, темир жол станциясынын жанында, Жогорку Кеңештин депутаты, “Биримдик” партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун Россияга кошулуу боюнча билдирүүлөрүнө каршы митинг өтүп жатат.

“Реформа” жана “Ата Мекен” партияларынын өкүлдөрүнөн болжол менен 40-50 адам чогулду.

Уюштуруучулардын айтымында, жөө жүрүш Эркиндик бульварынын бою менен Чүй проспектисине чейин, андан соң Ак үйгө чейин өтүп, ал жерде нааразычылык акциясынын негизги бөлүгү өтөт.

Буга чейин социалдык тармактарда видеотасма чыгып, анда Аманкулов 30 жылдык эгемендүүлүктөн кийин өлкө “көз-карашын өзгөртүп, кайра кайтууга мезгил келди” деп айткан. Анын сөздөрү резонанс жаратты.

Ал эми Аманкулов өзү анын сөздөрү контексттен суурулуп алынганын айтып чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: