Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаев “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловдун Кыргызстандын Евразиялык аянтчада Россия менен биригүүсү боюнча билдирүүсүнө өзүнүн пикирин билдирди.
“Марат Аманкулов “Биримдиктин” талпагын ташка жайдыбы дейм… Утурумдук, убактылуу саясий же дагы башка кызыкчылыктар үчүн түбөлүк, ар бирибиз үчүн ЫЙЫК болгон – КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДИГИНЕ кол салыш – чынында эле ЧЫККЫНЧЫЛЫК!!!” – деп жазды Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ