Menu

Москвада көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти, төртөөнүн абалы оор

Бөлүшүү:

Москвада бир ишканада көпүрөнүн кулашынан жаракат алган кыргызстандыктардын бири окуянын чоо-жайын “Москва 24” телеканалына айтып берди.

Кырсык кечээ, 27-сентябрда Москва облусунун Ступин районундагы FM Logistic (кампа комплекси) логистикалык ишканасынын кампасында болгон. Кыргыз Республикасынын 51 жараны жаракат алышты, төртөөнүн абалы оор, каза болгондор жок.

“Бир-эки секунданын ичинде бардыгы болуп өттү. Адамдар бири-бирине жана көпүрөнүн айрым бөлүктөрүнө кулап түшүштү. Кулап түшкөндөн кийин, мен дароо байланышымды үзүп алдым, ойгонуп кетсем, мен биринчи көргөн адамды дароо четке сүйрөп барууга аракет кылдым”, – деди мекендешибиз.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, FM Logistic компаниясынын жетекчилиги керектүү материалдык жардам көрсөтүүгө жана жабыркагандардын бардыгын медициналык камсыздандырууну уюштурууга даяр деп ишендирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: