Menu

Видео – Өмүрбек Бабанов узак убакыттан бери биринчи жолу коомдук иш-чарада көрүндү

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-сентябрда көптөн бери көрүнө элек Өмүрбек Бабанов биринчи жолу Бишкектеги коомдук иш-чарада пайда болду. Тактап айтканда, мурдагы саясатчы Asia Mall соода борборунун жанындагы “Даңк аллеясындагы” жылдыздардын ачылышына катышты.

Белгилүү болгондой, волонтерлорго жана дарыгерлерге коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көрсөткөн эмгеги жана эрдиги үчүн өзүнчө жылдыз коюлган. Иш-чарага мурунку саясатчыдан тышкары Мирбек Атабеков, Омар, Арсен жана башка көптөгөн жылдыздар, спортчулар, саясатчылар жана маданият ишмерлери катышты.

Иш-чарага мурунку саясатчыдан тышкары Мирбек Атабеков, Омар, Арсен жана башка көптөгөн жылдыздар, спортчулар, саясатчылар жана маданият ишмерлери катышты.

“Бүгүн абдан сыймыктануу менен биздин дарыгерлерибиз жана ыктыярчыларыбыз менен жолуктум.

Өлкөбүзгө оор мүшкүл түшүп турганда сиздер четте калбай, элибизди сактап калдыңыздар! Өз камыңыздарды ойлобой, элдин камын көрдүңүздөр! Сиздерге чоң Рахмат!”  – деп жазган Бабанов Instagram социалдык тармагындагы баракчасына.

https://www.instagram.com/p/CFpPj44gE7B/

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: