Menu

51 кыргызстандык жабыркаган көпүрөнүн кулашы боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Орусиянын Москва облусунун Ступин районундагы көпүрөнүн кулашы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин сайтында маалымдалат.

Кырсык кечээ, 27-сентябрда болжол менен саат 8:40 чамасында Москва районундагы “FM Logistic” логистикалык мекемесинде болгон. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө кулап, анын кесепетинен 50дөн ашык кыргызстандыктар жаракат алышты.

Маалыматка ылайык, соттук эксперттер Ступино шаарына жөнөтүлдү, алар жакын арада окуя болгон жерди текшере башташат. Эң толук жана объективдүү тергөө үчүн Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренеси 1-бөлүгү (“Эмгекти коргоо талаптарын бузуу, этиятсыздыктын кесепетинен адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү”) боюнча кылмыш ишинин материалдары жакын арада Тергөө комитетинин борбордук аппаратынын тергөөчүлөрү тарабынан өндүрүшкө кабыл алынат.

«Тергөө жумушчулары адамдардын массалык жаракат алуусунун бардык жагдайларын жана себептерин аныктайт. Кулаган структуранын абалы жана эскирүү даражасы, ошондой эле иш жүзүндө иштөө шарттары, анын ичинде ишканадагы коопсуздук эрежелеринин сакталышы изилденет», – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бул көпүрөдөн 51 кыргызстандык жаракат алып, анын ичинен төртөөнүн абалы оор.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: