Menu

Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери ооруканалардын 8 башчысы кызматтан бошотулду

Бөлүшүү:

Кыргызстанда коронавирустук эпидемия башталгандан бери медициналык мекемелердин сегиз жетекчиси кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, дагы сегиз жетекчи катуу сөгүш алды. Алар жумуштагы кемчиликтер жана медициналык мекемелердеги ишти начар уюштургандыгы үчүн жазаланды.

«Кемчиликтер ачыкка чыгып, административдик чаралар көрүлүшү керек. Эпидемия учурунда кадрдык өзгөртүүлөр зарыл процесстердин бири болду», – деп баса белгиледи Нурболот Үсөнбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: