Төмөнкү Ала-Арча айылындагы тоноодон жабыркаган адам жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттерге билдирди.
Маалыматка ылайык, 62 жаштагы адамдын абалы канааттандырарлык экени такталды. Белгилүү болгондой, ал бычактан далысынан жаракат алган.
Эскерте кетсек, 26-сентябрь күнү саат 02:50 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, беткап кийген эки белгисиз адам 62 жаштагы Т.Ж жана анын 26 жаштагы кызы Т. А.ны бычак менен жарадар кылган. Андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Алган жараатынан улам кыз каза болуп, эркек киши Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.
Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Учурда бул кылмыштын бетин ачуу үчүн топ түзүлүп, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ