Menu

Ош шаарында карантиндик эрежелерди сактоо күчөтүлөт

Бөлүшүү:
Бүгүн, 28-сентябрь күнү Жарандык коргоо штабынын кезексиз жыйыны болуп өттү. Анда коронавирусту алдын алуу иш аракеттериндеги санитардык көзөмөлдөөнү күчөтүү, жарандарга жана ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талаптары коюлду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, күч түзүмдөрү, Өзгөчө кырдаал министрлигинин Ош шаарындагы өкүлдөрү, билим берүү жана саламаттык сактоо тарамагынын кызматкерлери, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчылары катышты.
Биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев Ош шаарында түзүлгөн 7 мобилдик топко күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну табыштап, коомдук транспорт жана курулуш тармактарына түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.
“Жугуштуу ооруну күчөтүп албоо иш аракеттерин жандантып, күчөтүлгөн тартипте иш жүрүп баштайт. Баардык жарандарды туура түшүнүү менен кабыл алып, коомдук жайларда беткап тагып, антисептик колдонуп жүрүүгө чакырабыз. Зарылчылык жок болсо массалык иш-чараларга барбай турса да бул чоң жардам. Ал эми тийиштүү кызматтардан түзүлгөн штаб өз ишин күчөтүп, баардык аймактарда, мекеме ишканаларда, коомдук жайларда текшерүүлөр жүрөт. Ош шаарындагы баардык базарлар ар аптанын дүйшөмбү күнү залалсыздандыруу иштерине байланыштуу жабылат. Ал эми карантиндик эрежени сактоону баарына сунуштайбыз”,-деди С.Турдуев.
Жыйындын алкагында штабдын мүчөлөрү карантиндик эрежелерди сактабагандар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын кошумчалашты.
Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар социанарынын эски имараты толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүп, 180 орун даярдалган. Ага кошумча дагы 100 орундуу жаңы имарат октябрдын башында колдонууга берилет.
Ошондой эле, Ош шаардык ооруканасынын эски имаратында 100 орун даярдалып, учурда иштеп жатат. Ош шаарында жалпысынан 380 орун вирус күчөгөн учурда иштөөгө даяр мындан тышкары резервте да имараттар бар. Керектелүүчү коргоочу кийимдер , кычкылтек концентратору, ИВЛ аппараттары жетиштүү деңгээлде. Дары-дармек 2 айлык запас менен алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: