Menu

Анжелика: “Бирөөнүн кайгысын өз мойнума алып, өзүм аркылуу кыйналып чечип бермей адатым – мойнумдагы бездердин жайылып, көбөйүшүнө себеп”

Бөлүшүү:

Түркияда дарыланып жүргөн ырчы Анжелика Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасынаучурдагы  тууралуу төмөндөгүдөй пост жазды.

Мен ооруган жокмун деп көп айтсаң – айыгасын. Жакшы иштерди жасай бер Аллах ыраазычылыгы үчүн алардан жооп күтпөй деп көптөр айтчу эле. Бирок, канчалык күчтүү жана бийик болсоң дагы бир күнү кулайсың деген түшүнүк бар (“Тоолор кулаганда” Ч.Айтматов).

Мен качан кулайм билбейм. Бирок, чалындым… бир топко чейин өзүмө-өзүм кам көрүүм керек. Тагдырымды Жаратканыбыз сонун кылып жазып бериптир – чексиз шүгүр кылам. Ыраазымын , ыраазымын сиздерге дагы. Жаманы болбогондо- жакшысын байкабай калат белем? Көңүлдөрдү булгатпай жашасак – жакшы болот эле. “Таарынычымды айтсам- даттанчу адамга окшойм” деп, көп жерден баш ийкеп келем. Бардык оору нервтен. Бирөөнүн кайгысын өз мойнума алып, өзүм аркылуу кыйналып чечип бермей адатым – мойнумдагы бездердин жайылып, көбөйүшүнө себеп.

Маселе чечилген соң, алар кубанган бойдон кетишсе, мен ооруп жатып калам. “Бактылуу Айым” долбоору менин жашоомдун эң чоң сыноосу болду. Ар кандай адамдарды көрдүм. Аракети жок, балит жашап, кесир сүйлөгөндөр көбүрөөк болду . Жакшылык кылсаң – милдеттүүдөй кабыл алышат… жашоосуна ыраазы адам көрбөдүм… АЛЛАХКА ЫРААЗЫ, мага эмес.

Көрсө, жалган жашоо бизди аябайт экен. Алдыга аракет кылсаң – сага кыжырлангандар пайда болот. Артта калсаң -шылдындагандар толот.

Менин баракчамда “АНЖЕЛИКА” аттуу айымдын образы гана болсун. Ал – бала кыял бойдон гана калып, оюндар менен белектерди таратып, ДОЛБООРЛОР АРКЫЛУУ ГАНА СИЗДЕРГЕ КАЙРЫЛЫП ТУРАТ” – деп жазган ырчы айым.

https://www.instagram.com/p/CFoZOJclitc/?igshid=12nrlg8x5cys5

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: