Menu

Зилалиевдин иши: Сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-сентябрда Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш ишин кароону улантты.

Сот тараптардын жарыш сөзүнө өтүп, мамлекеттик айыптоочу, прокурор Жеңишбек Нуралиев кылмыш ишинин материалдарын окуп берди.

Тергөө органдарынын маалыматтары боюнча, Д.Зилалиев КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-пунктунун  2-бөлүгүндө каралган кылмыш жасаган деп шектелүүдө.

Зилалиев 2011-жылдын 9-декабрынан 2013-жылдын 25-июлуна чейин Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары; 2013-жылдын 25-июлунан тартып 2017-жылдын 26-августуна чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; 2017-жылдын 26-августунан 23-ноябрга чейин Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер министр; 2017-жылдын 23-ноябранын 21-декабрга чейин Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси болгон.

“Расмий кызмат ордун ээлеп, өзүмчүл максаттарды көздөп, активдерди ири өлчөмдө мыйзамсыз көбөйтүүгө багытталган атайылап аракеттерди жасаган” – деп билдирди мамлекеттик  айыптоочу.

Эске сала кетсек, 2010-2017-жылдары Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козголгон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган. Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокатынын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан түшкөндөн кийин байыган экен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: