“Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка сегиз талапкер 2015-жылдагы тизмеден чыгуу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев БШКнын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мандат үчүн төмөнкү талапкерлер тизмеден чыгуу ниетин билдиришти:
1. Азамат Дүйшеев;
2. Алмазбек Дыйканбаев;
3. Данишбек Курманбеков;
4. Каныбек Кубатов;
5. Улук Кадырбеков;
6. Кубан Мырзаканов;
7. Абдумиталиб Тургунбаев;
8. Космосбек Чыдынов.
Белгилей кетсек, алар 2015-жылы талапкер болуп катталган. Буга чейин мандатты эл өкүлү Жаныбек Жоробаев өткөрүп берген. Анын ордуна экс-акыйкатчы Кубат Оторбаев тизмеде кийинки орунду ээледи. Бирок ал депутаттык ыйгарым укуктарынан баш тартты.
Учурда 2020-жылдагы шайлоого “Кыргызстан” партиясынан талапкерлердин тизмесинде 102 адам бар.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ