Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шайлоочунун добушун сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Айрым маалыматтарга караганда, Моминов көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине көмүр алынып келинген. Көмүрдү Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын биринин өкүлдөрү алып келген имиш деген сөздөр айтылууда.
Маалыматка ылайык, көмүр 28-сентябрда саат 21: 00дөн 22: 00гө чейин алынып келинген.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (“Шайлоочунун добушун сатып алуу”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ