Menu

Эрдоган: Армения «токтоосуз түрдө» Тоолуу Карабактан чыгып кетиши керек

Бөлүшүү:

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Армениядан «Азербайжандын оккупациялап алган жерлеринен токтоосуз түрдө чыгып кетүүнү» талап кылды.

«Армениянын Тоолуу Карабакты оккупациялап алышы менен башталган аймактагы кризисти токтотууга убакыт келди. Азербайжандын чыдамы түгөндү, Баку өз күчү менен армян оккупациясына чекит коюуда», — деди Эрдоган.

Өз кезегинде Армениянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Анкараны «Азербайжан менен куралдуу кагылышта жалданма аскерлерди тартып жатат» деп айыптады.

Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки мамлекет чатак үчүн бири-бирин күнөөлөшкөн.

Ереван Бакуну «Тоолуу Карабакка кол салды» деп айыптаган жана өз өлкөсүндө аскердик абал жарыялап, жалпы мобилизациялоо баштаган. Азербайжан болсо «Армения биринчи чабуул койду» деп айтып, «Тоолуу Карабактагы жети азери айылын бошотконун» билдирген. Азербайжан да аскердик абал жарыялады, Баку баштаган бир катар шаарларга дүйшөмбүдөн тартып коменданттык саат киргизилди.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак аймагынын аскер жетекчилери кагылышуунун экинчи күнүндө дагы 15 жоокер мерт болгонун кабарлашты. Алар атышуунун биринчи күнүндө 16 аскер окко учканын маалымдашкан. Ошентип расмий маалымат боюнча Карабактын 31 жоокери жана эки жай тургун мерт болду.

Аймактын Коргоо министрлиги «контрчабуулдан улам душман оор жоготууга учурады, армия буга чейин колдон алдырган позицияларын кайтарып алды, Азербайжан 200 аскерин жоготту», деп билдирүү таратты.

Армениянын коргоо министри Арцрун Ованнисян атышууда 100дөй киши жарадар болгонун, алардын бир бөлүгү Ереванга жеткирилгенин айтты.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын 550дөн көп аскери окко учканын кабарлаган. Бирок Ереван мындай маалыматты жокко чыгарган. Азербайжан жайкын тургундар, жоокерлер да окко учканын бышыктаганы менен алардын санын тактаган эмес.

Эл аралык коомчулук чырдашкан тараптарды чукул арада атышууну токтотууга, кеп-сөзгө келүүгө чакырып жатат.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келатат. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: