Бишкекте автоунаадан белгисиз адамдар акча салынган сумка жана ноутбук уурдап кетишти. Бул тууралуу жабырлануучу журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, окуя 26-сентябрда Ахунбаев жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
«Алар “Тойота Камри” унаасынын арткы айнегин талкалап, ири суммадагы акчаны, ноутбукту, капчыктагы бардык документтерди уурдап кетишкен. Төрт бала камерага түшүп калышкан», – деп билдирет ал.
Жаран жигиттерди тааныгандардын баарынан 0505 505 506 номерине жазууну же чалууну суранат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ