Menu

Фото – Андижанда кыргыз жараны айдап бараткан жүк ташуучу унаа жол кырсыгына учурап, 2 кичинекей кыз жана айдоочу каза болду

Бөлүшүү:

Андижан облусунда Вольво үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны айдап бара жаткан Кыргызстандын жараны адам өмүрүн алган кырсыкка учурады. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.

Такталгандай, жол кырсыгы 28-сентябрь күнү саат 17:20 чамасында болгон. Жүк ташуучу унааны айдап бара жаткан 28 жаштагы Ш.Л. рулду башкара албай, каршы тилкеге ​​чыгып кетип, жолдун жээгинде жөө бараткан эки кызды сүзүп, андан кийин турак үйдү сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу, 10 жаштагы Б.А. жана үч жаштагы К.Н. окуя болгон жерде каза болгон.

“Бул факт боюнча Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Адамдардын өлүмүнө алып келген жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу же унаа каражаттарын эксплуатациялоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: