Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов дарыгер Мукарам Ураимовага тийиштүү медициналык көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов КР Саламаттык сактоо министрлигине 6 айдан бери оор абалда жаткан Ош облусунун Ноокат районундагы «Барын» медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимовага ыкчам тартипте тийиштүү көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги түзүлгөн абалды иликтеп чыгууну жана дарыгерди санитардык авиация аркылуу Бишкек шаарынын адистештирилген медициналык мекемелеринин биринде мындан ары дарылануудан өтүүсү үчүн алып келүү  мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Кубатбек Боронов ошондой эле дарыгерге тиешелүү компенсациялык төлөмдөр берилиши керектигин кошумчалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, Мукарам Ураимова 2020-жылдын 18-19-мартында, COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда биринчилерден болуп обсервациялык жайда иштеп, ал жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80% жабыркаган. Мукарам Ураимова ооруканада 3 ай жаткан. Учурда анын абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: