Menu

Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-сентябрда, Будапешт шаарындагы «Кармелита» сарайында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Ардак кароол тизилип, Кыргызстан менен Венгриянын гимндери жаңырды. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Ардак кароолду жана Улуттук атчандар отрядын көрүп чыгып, делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Аскердик оркестрдин салтанаттуу маршынын жаңыруусу менен аскердик сый-урмат аяктап, андан соң «Кармелита» сарайынын фойесинде кол алышуу жана сүрөткө түшүү аземи болду.

Андан кийин тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө киришти.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-сентябрда, Премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга жооп катары жасалган сапары менен барган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: