Menu

Тажикстанда айыл тургундарына президент менен жолугушууга уруксат берилген жок

Бөлүшүү:

Вахш районундагы айылдардын бири. 2018-жыл

Вахш районуна караштуу Иттифок айылында жашаган бир нече аял укук коргоо кызматкерлеринин тоскоолдугунан улам президент менен жолугуша алышкан жок.

Президент Эмомали Рахмон 23-сентябрда иш сапары менен Вахш районуна барган.

«Биз коңшулар болуп президент менен жолугушууга баратсак жолдон үч унаа тосуп алып, райондун борборуна барбашыбыз керектигин айтышты. Алардын айткандарына көңүл бурбай койсок бирөө унаадан түшүп, колумдан катуу тартып жиберип, мен жыгылып калдым. Алар биз даярдыксыз бара жатканыбызды, президентке эмне деп сүйлөштү билбей турганыбызды айтышты. Аргасыздан кайра артка кайттык», — деди Парвина Мукимова аттуу айыл тургуну.

Анын айтымында, 320 түтүн жашаган Иттифок кыштагынын негизги көйгөйү – мектептин жоктугу. Дээрлик 500 окуучу 6-18 чакырым жөө басып, коңшу айылдардагы мектептерге барып билим алышат. Тургундан президентке ушул маселе боюнча кайрылып, жооп алууга ниеттенишкен.

«Биз президентке өз көйгөйлөрүбүздү айталы дегенбиз. Бизде мектеп, амбулатория, туруктуу электр энергиясы жок. Пахта талаалары сугарылган маалда суусуз калабыз. Жергиликтүү бийлик биздин үнүбүздү укпайт, маселебизди чечип бербейт», — деди Мукимова.

Маалыматтарга караганда, президенттин жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда аймактагы көйгөйлөр айтылбай, тургундар «жашоо жана эмгектенүү үчүн жакшы шарттарды түзүп бергендиги үчүн мамлекет башчыга жана өкмөткө ыраазчылык билдиришкен».

Тажикстан президентинин сайтында 23-сентябрда Эмомали Рахмон Вахш районунун жетекчилиги, активисттери жана тургундары менен жолугуп, жакшы тосуп алгандыгы үчүн аларга ыраазычылык билдиргени тууралуу» маалымат жарыяланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: