Menu

Эгемендикке шек келтирүүгө эч кимдин акысы жок!

Бөлүшүү:

“Биримдик” партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы “Кул болбо!” деп аталган нааразычылык акциясы Бишкекте жана Ош шаарында өтүп жатат. Акыркы күндөрү эгемендүүлүккө чыккынчылык кылган мындай пикирлердин чыгып жатышына эмне себеп деп ойлойсуз? Бул коркунучтуу көрүнүшпү?

Улан Үсөйүн, акциянын уюштуруучусу:

– Биздин бир эле байлыгыбыз калды. Ал байлык – биздин эркиндигибиз, эгемендүүлүгүбүз. Бирок ошол эгемендүүлүгүбүздү, эркиндигибизди арабыздан чыккан чыккынчылар, бийликчил адамдар башка мамлекетке сатуу, берүү тууралуу сөз кылып жатат. Биздин эркиндик – биздин байлыгыбыз.

Азият Жекшеев, журналист:

– Учурда “Биримдик” аталган партиянын төрагасы Марат Аманкулов аттуу “киши” бийликке келсек эгемендүүлүктөн баш тартабыз деген пикирин айтып жатат!!! Сооронбай Жээнбековтун иниси Асылбек Жээнбеков талапкер катары аттанган бул партиянын жетекчисинин сөзүндө ачык эле эгемендүүлүк бизге жарашпайт экен деп жатат. Эгемендүүлүк Марат Аманкулов сага окшогондорго жарашпайт! Өмүр бою элиңдин эмес бир кишинин кулу болуп өтөсүң! Андыктан чара көрүлүп Аманкулов мамлекеттик түзүмдү алмаштырууну көздөгөндүгү үчүн жазага тартышсын!!!

Жыргалбек Касаболотов, журналист:

– Мынакей, кыргыздар, эл башкарам дегендер кантип Эл. Сатаров болуп чыга келип атканын билип алгыла. Булардын шайлоодогу максаты деле дайын болду. Башкасы эмес, бакыйган башчысы ачык эле айтып атат. “Евразийствосу” ушул экен… Бул – чындап келсе мамлекеттик чыккынчылык. Эми канча актанса да жашыра алышпайт, мамлекетти сатып жибергиси келгендер. Дагы кандай далил керек? Качан ойгонобуз?

Мавлян Аскарбеков, мамлекеттик кызматкер:

– Мен Аманкуловдун сөзүнөн кийин “Биримдик” партиясына кайрылат элем. Биримдик партиясынан талапкер, мен сыйлаган ага, инилер!

Кылымдарды карыткан, эгемендик үчүн жан ураган баатырлар, дүйнөнүн булуң- бурчунда из калтырган, апаат заманды көргөн, Беделдеги ашууда эмчектеги наристе энеси менен тоңуп, Ала- Тоо койнунда кичине жерди мамлекет катары сактап, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, түптөлүп келебиз. Араңарда кыргыз тилин, дилин түшүнбөгөн маңкурттар, ыйык жерибизди, кыйналган элибизди, жалгыз байлыгыбыз- эгемендигибизди, бийлик, мансап үчүн садага чаап жатат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарына ылайык жоопко тартуусун талап кылабыз. Сиздер, партия мүчөлөрү катары, ал адамды коргобой, тез арада саясий кеңештин чечими менен төрагалыктан четтетип, кылмыш иштин жүрүшүнө тоскоол жаратпооңуздарды суранам. Кыргыз мамлекетинин эгемендигине шек келтирген чыккынчылар менен сөз кыска болушу керек. Эл нааразычылыгын эске алуу менен, чечим сиздер тараптан тез кабыл алынып, эл алдында расмий жарыяланат деп күтөбүз.

Болот Жунусов, мурдагы элчи:

– Бул Кыргызстандын коомчулугуна эмес, сыртка, бир чоң өлкөгө «Ал жактан да колдоо болсун, бизге каршы болбосун» деген белги берилип жатат. Акыркы жумаларда көп сөз болуп кетти. Кээ бир партияларда бейрасмий түрдө «бизди Орусияда бир генерал, же дагы башка кишилер колдойт» деген сыяктуу мактаныч бар. Өз күчүнө, өз идеологиясына таянбай, сырттан «чоң байкени» издеп жаткандай таасир калтырат.

Эмилбек Жороев, саясат талдоочу:

– Марат Аманкуловдун сөзү сөзсүз түрдө экспертизадан өтүп, тиешелүү мекемелер чечим чыгарышы керек. Ал «Кыргызстан Орусияга кошулушу керек, 30 жыл бою эгемен болуп жүргөнүбүз жетишет» деп ачык эле айтты. Бул Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирген ачык маанини туюндурган сөз. Аманкулов кандайдыр бир деңгээлде такшалып калган саясатчы. Муну мен укук коргоо органдарынын териштирүүсүнө калтырам. Сөзсүз талданышы керек. Мыйзам талаасында, кылмыш ишинин алкагында баа берилиши керек.

Булак: “Факты.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: